Августта Бишкекте 4 мамлекеттин мушкерлеринин катышуусунда командалык мелдеш өтөт

2-3-август күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча Кыргызстан, Орусия, Кытай жана Түркия курамаларынын катышуусунда командалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, мелдеш тандалган алдынкы мушкерлер арасында 10 салмак категориясы боюнча өткөрүлөт. Азия оюндарына даярдык катарында уюшулуп жаткан мелдеш алдында чет өлкөлүк курамалар Ысык-Көлдө 10-15 күндүк машыгуу сборун өткөрүшөт.

“Мындай командалык мелдеш Кыргызстанда алгачкы жолу уюшулуп жатат. Чүчү кулактын негизинде 3 кураманын бири Кыргызстандын атаандашы болот. Биздикилер жеңсе, 1-орун үчүн беттеш өткөрөбүз. Алгачкы беттеште жеңилген командалар 3-орунду талашышат”,- деп кошумчалайт А.Бекболотов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан