11-20-июль аралыгында өтүүчү бокс боюнча Кытайдын Ачык биринчилигине Кыргызстан курама командасы каражаттын жетишсиздигинен катыша албай калды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.
Анын айтымында, бул мелдешке Кыргызстан Азия оюндарына даярдык көрүү максатында катышууну тилек кылып жаткан. Команданын курамына алдынкы мушкерлер да тандалган эле.