Футбол боюнча Бразилия курамасынын лидери Неймар 4-июлдан 5-июлга караган түнү Колумбия менен беттеште алган жаракатынан улам Дүйнө чемпиондугунун калган оюндарына катышпайт. Жарым финалда анын командасы Германия курамасы менен ойнойт.
Бразилиялыктар чейрек финалдык оюнда Колумбияны 2:1 эсебинде утуп алышты. Оюндун жүрүшүндө Колумбия курамасынын коргоочусу Хуан Камило Суньига топ үчүн болгон күрөштө тизеси менен Неймарды тээп өткөн. Мындан улам Неймардын омуртка сөөгү жабыркап, оюнчу оюн талаасынан дарыгерлердин жардамы менен чыгарылган.
Бразилия курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Фелипе Сколари "Дарыгерлердин айтымында, анын ден соолугу 6 аптанын ичинде калыбына келет экен. Неймар мындан ары ойной албаса керек деп ойлойм" деп билдирген.
Кошумчалай кетсек, Германия менен боло турган оюнга Бразилиянын курамынан коргоочу Тиаго Силванын да ойнобосу белгилүү. Себеби ал Колумбияга каршы оюнда сары айып кагазын алып калды.