Бразилия-2014: Аргентина Бельгияны 1:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты (фоторепортаж)

Аргентина-Бельгия – 1:0

Гол: Гонсало Игуаин (8-мүнөттө)

Бүгүн, 5-июлдан 6-июлга караган түнү футбол боюнча Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюнунда Аргентина жана Бельгия курамалары кез келди. Аргентина 1:0 эсебинде жеңишке жетишип, жарым финалдык жолдомонун ээси болду. Аргентиналыктардын жарым финалдагы атаандашы Голландия жана Коста-Рика курамаларынын ортосундагы оюндун жеңүүчүсү болмокчу. Жарым финалдык оюн 9-июлдан 10-июлга караган түнү орун алат.
Бул оюндун тагдырын ыкчам киргизилген жалгыз гол чечип койду. Оюндун башында каршы чабуулда Гонсало Игуаин топту дарбазага таамай багыттай алды. Оюндун калган бөлүгүндө Бельгия топко ээлик кылып, бир катар чабуул уюштурду. Ал эми Аргентина коргонууга ыктам, каршы чабуул менен атаандаштын дарбазасын көздөй жылып жатты. Бир катар мүмкүнчүлүктөрдү голго айлантуу командалар үчүн ишке аша берген жок. Бельгия дагы бир ирет командалык оюн кура аларын далилдеп берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2014-07-06 02:23:55
Куттуктайбыз
0
adiletik
2014-07-06 08:34:18
Жакшы ар ким бактысынан корот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан