Голландия - Коста-Рика
– 0:0
Пенальтилер сериясы - 4:3 6-июлга караган түнү футбол
боюнча Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы акыркы оюну орун
алды. Анда Голландия менен Коста-Рика кез келип, айыгышкан беттеш өткөрүштү.
Башка чейрек финалдык оюндардан айырмаланып, бул жолу командалар оюн маалында гол
киргизишкен жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Ошентип, Коста-Рика бул мелдеште оюндун негизги убактысында жеңилбей туруп мелдештен четтеп калды.
Эми Голландия
курамасы жарым финалда Аргентина менен беттешмекчи.