Кечээ, 5-июль күнү футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 3 оюн орун алды. Ош шаарында өткөн беттеште “Алай” бишкектик “Алганын” дарбазасына 4 гол киргизе алды. Ошондой эле ири жеңишке канттык “Абдыш-Ата” конокто куршабдык “Алдиердин” үстүнөн жетишти. “Дордой” өз үйүнө нарындык “Ала-Тоону” 6:0 эсебинде утту.
Оюндардын жыйынтыгы:
“Алай” (Ош) – “Алга” (Бишкек) – 4:0
“Алдиер” (Куршаб) – “Абдыш-Ата” (Кант) – 0:4
“Дордой” (Бишкек) – “Ала-Тоо” (Нарын) – 6:0