Бразилия-2014: Чемпиондукка негизги талапкер 4 команда жарым финалга чыкты

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу канчалык кызыктарга бай болбосун, жарым чейрек финалдан жарым финалга чейин футбол адистери же букмекерлер фаворит деп эсептеген командалар жеңишке жетишип келишти. Улам кыскарып отуруп, мелдешке негизги талапкер болгон 4 гана команда калды. Алар: Аргентина, Голландия, Бразилия жана Германия. Мелдешке эч бир команданы кайтаруу мүмкүн эмес. Демек, жарым финал болчу күндөрдү гана күтөбүз.

Белгилүү болгондой, жарым финалда мелдеште башкы талапкерлер деп эсептелген Бразилия менен Германия жана 9-июль түнү ойношот. Элдер да чемпиондукту дал ушул эки команданын бири утарын болжошууда. Себеби Германия мелдештин алгачкы күнүнөн тарта өзүн фаворит катары көргөзсө, Бразилия үй ээси катары мелдешти утууга катуу милдеттендирилген. Экинчи жарым финалдык беттеште Голландия менен Аргентина кез келет. Бул беттеш 10-июль күнү орун алат.

Оюндар тууралуу маалымат:

БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ

9-июль. Саат: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону

 

ГОЛЛАНДИЯ – АРГЕНТИНА

10-июль. Саат: 02:00

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону

ЖАРЫМ ФИНАЛ ТУУРАЛУУ АЙТЫЛГАН ОЙЛОР

Неймар, Бразилиянын лидери:

- Менин кыялым - Дүйнө чемпиону болуу. Бирок мен бул кыялымдын орундалуусу үчүн майданда күрөшө албайм. Мен жаракат алсам да, менин өнөктөштөрүм Кубокту утушат деп ишенем.

Филипп Лам, Германиянын капитаны:

- Неймар менен Тьяго Силванын жарым финалда ойнобой турганы бизге эч кандай жеңилдик алып келбейт. Анткени бул командада алардын ордун толуктачу оюнчулар жетиштүү. Бизди да алдыда кыйын оюн күтүүдө.  

Лионель Месси, Аргентинанын капитаны:

- Аргентина 1990-жылдан бери Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыга элек болчу. Биз команда менен жарым финалга чыкканыбызга кубанычтабыз. Биз үчүн жарым финал жетиштүү эмес. Биз мындан ашыгын көздөп турабыз.

Луи ван Гал, Голландиянын башкы машыктыруучусу:

- Голландиянын максаты – Дүйнө чемпиондугун утуу. Ооба, бизди өтө мыкты команда деп атоого болбойт. Бирок ошол эле учурда бизди утуу да оңой эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
forvard
2014-07-07 09:55:49
финал Бразилия Аргентина.адаттагыдай эле Германия жарым финалда утулат
0
MEDER_KULETOV
2014-07-07 10:29:53
Мен да финалда Бразилия м-н Аргентинаны көрсөм дейм
0
kursantbek
2014-07-07 11:10:02
Аргентина чемпион буюрса
0
baha1985
2014-07-07 13:15:47
Голландия алга!
0
NurbekKG
2014-07-07 15:04:11
Финалда Нидерланды-Гермагия ойносо керек, а жеңүүчү албетте Голланддар болот.
0
lazy_boy.kg
2014-07-07 15:44:26
Голландия чемпион болот болуш керек ))))
0
Venera-init
2014-07-07 17:44:38
Аргентина чемпион болот деп умуттоном!!!!!!!!!
0
Kanat8427
2014-07-07 21:59:31
Аргентина болот буйруса
0
musa1986
2014-07-08 09:12:10
Бразилия менен Германия 8- июль саат 02-00 ойнойт. 9-июль деп жазып коюпсуздар го
0
admin_portal
2014-07-08 10:07:22
musa1986, Саламатсызбы!
БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ 9-июлда Бишкек сааты боюнча 02:00дө ойнойт.
Ойлоп көрсөңүз, бүгүн саат 00:00дөн өткөндөн кийин 9-июль деп эсептелет да.
0
Kara_kyrgyz
2014-07-08 10:16:33
Алга КЫРГЫЗСТАН !!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан