Эске салсак, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгону айтылган.
Аталган район боюнча Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору Мурат Жумабаев бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара алуу фактысы боюнча маалыматы жок экенин айтып, эреже бузган айдоочунун иши сотто караларын билдирген болчу.