Эрмек Нурбаев: “1994-жылкы Дүйнө чемпиондугунда италиялык Роберто Баджо мени ыйлатканын өзү сезген эмес”

Эрмек Нурбаев күлкү менен катар футболду да сүйөрүн бир нече ирет далилдей алган. Аны футбол боюнча өлкө чемпиондугунун жана Кыргызстан улуттук курама командасынын айрым оюндарында стадиондон көрүүгө болот. Футбол сүйүүчүлөрүнүн катарын толуктаган Эрмек мырза учурда кызуу жүрүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу тууралуу SUPER.KG порталына ой бөлүштү.

- Эрмек, Дүйнө чемпиондугун көрүп жатсаңыз керек. Кайсы командага жан тартуудасыз?

- Оюндарды колдон келишинче калтырбай көргөнгө аракет кылып жатам. Биздин чөйрөдө футбол сүйгөн жигиттер бар. Ошолордун ичинен төртөөбүз аталган чемпиондукка катышкан командалардын ичинен экиден команда тандап, мелдешкенбиз. Ортодо кызыктырган байгебиз бар. Мен Голландия менен Германияны тандагам. Азырынча бул командалар жарым финалга чыгышты.

- Германия менен Голландия финалда ойноп калуусу мүмкүн. Сиз кайсы тарапта болосуз?

- Бул эки команда финалга чыкса, мага кубанычтуу болот. Анда бирине да тартпай, бейтарап болом.

- Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу тууралуу оюңузду айта кетсеңиз...

- Мелдеш тиешелүү деңгээлде өтүп жатат. Буюрса, биздин көзүбүз өткөнчө Дүйнө чемпиондугун Кыргызстанда уюштуруп калсак, чоң жетишкендик болот эле.

- Өзүңүз качантан бери Дүйнө чемпиондугун көрүп келесиз?  

- 1994-жылы көрүп баштагам. Анда Италияга жан тарткам. Финалда Роберто Баджо чечүүчү пенальтини тебе албай калган. Ошону сезип, ыйлаганым эсимде. Бирок ошону Роберто Баджо өзү сезген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kaytmas
2014-07-08 23:28:26
эми ыйлабай жур топ тоголок, чонойуп элге танылыпда калдын,уят болот(тамаша).
0
gapar82
2014-07-09 13:58:49
kaytmas, ;-);-)
0
Ulanbek1992
2014-07-09 01:08:21
Менин оюмча Германия же Бразилия алат))
-2
Big-hearted
2014-07-09 02:45:31
Бразилияны артка калтырды Германия алып кетет окшойт баш байгени.
+3
kenzhe92
2014-07-09 03:38:36
Мага эки команда тең жагат оюмча Бразилия деп ойлойм
-2
doni89
2014-07-09 07:42:37
Бразиля эми 3же 4чу орунга ойнойт бюрса жениш Германияныкы.
+1
beka88
2014-07-09 07:59:06
ото ыйлайтурган болду,мышык комкоро жатып ыйлады,1-7германия утту
+2
lolalola
2014-07-09 17:14:07
Emdiki Chempionat Mira 2018 jyly Rossiada bolot da, baryp korup kelgile, Rossia jakyn ele go, vizanyn da keregi jok
0
uluk1982
2014-07-09 19:04:45
Тан калам фанаттарга.. тооба!!
0
gulperi.kg
2014-07-09 19:37:27
Футболдун ф сын корбойм )))))кызыкпайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан