Легендарлуу аргентиналык жана испаниялык футболчу Альфредо Ди Стефано кечээ, 7-июлда 89 жаш курагында көз жумду. Ал өткөн аптада жүрөк оорусунан улам Мадриддеги ооруканалардын бирине жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ди Стефано карьерасында мадриддик “Реалдын” курамында 11 жыл ойногон. Андан кийин ушул эле футболдук клубда машыктыруучулук менен алектенген. Ал кезинде эки ирет жылдын мыкты футболчусу катары “Алтын топ” байгеси менен сыйланган.