Финалга бир гана кадам калды, ал эми чемпиондукка 2 кадам. Финалдык алгачкы жолдомо ээсинин аныкталарына саналуу сааттар калды. Бразилия же Германия? Бүгүн, 8-июлдан 9-июлга караган түнү бул командалардын айыгышкан беттешине күбө боло алышат. Ооба, беттеш Бишкек сааты боюнча 02:00дө старт алат. Бирок бул футбол сүйүүчүлөрүнүн футбол көрүүсүнө тоскоолдук жарата албаса керек.
БРАЗИЛИЯ – ГЕРМАНИЯ
Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты менен)
Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону
Калыс: Марко Родригес (Мексика)
БРАЗИЛИЯ
Өткөндөн кыскача: 2002-жылы Бразилия Дүйнө чемпиондугун өз тарыхында бешинчи ирет уткан. Команданын “алтын доору” болгон ошол учурда Роналдо, Ривалдо сыяктуу мыкты оюнчулары бар эле. Андан кийинки Бразилия бир топ чоң өзгөрүүгө туш келип, көрүнүктүү лидери жок ойноп калган учур болду. 2006-жылы жана 2010-жылы бразилиялыктар Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдарында мелдештен четтеп калышкан. Команданын курамы бир жылы күчтөнүп, бир жылы алсыз болуп жүрдү.
Учурда: 2013-жылдан тарта Луис Филиппе Сколари машыктыруучулук кызматынан пайдаланып, жалаң жаштарга басым кылуу менен ушул курамды түздү. Команда каршы чабуулдарда жана стандарттык абалдарда мыкты ойнойт. Каалаган маалда оюн темпин көтөрүүгө күчү жеткен команда. “Бразилия утуш үчүн атаандашы анын оюнуна түшүшү керек. Болбосо оюн тагдырын стандарттык абалдар чечет” деген кептин чын-бышыгын бүгүн билмекчибиз.
ГЕРМАНИЯ
Өткөндөн кыскача: 2002-жылы Корея жана Японияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында дал ушул Бразилияга утулган. Немис футболу андан 12 жыл өтсө да, сапатын жоготпой келүүдө. Бирок дайыма биринчини эмес, кийинки орундарды ээлеп келет. Германиялыктар 2006-жылы жарым финалда Италияга утулуп, мелдештен четтесе, 2010-жылы “немис машинасын” Испания курамасы жарым финалда токтоткон.
Учурда: Бул кураманын азыркы күчүн өлчөп болбойт. Мыкты оюнчулары жана мыкты тактикалык план менен иштеген машыктыруучусу бар команда. Атаандашка басым кылууну бир нече мүнөткө создуктуруп, ыңгайы келгенде туш-туштан сокку узатуу менен гол жаратып жатышат германиялыктар. Ошондой эле майдандын борбордук бөлүгүн ээлөө жагынан бул команда азыр алдына ат салдырбай келет.