Чейрек финалда Колумбияга каршы беттеште жаракат алган бразилиялык футболчу Неймарды колдоо үчүн жергиликтүү миңдеген күйөрмандар “Биз баарыбыз - Неймар” аттуу акция уюштурушууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бразилия менен Германиянын беттешине күйөрмандар “Биз баарыбыз - Неймар” деген жазуусу бар бет каптар менен келишет. Кошумчалай кетсек, футболчунун 5-6 аптадан кийин жаракатынан толук айыгып, майданга кайтары айтылууда.