Түптө "айдоочудан пара талап кылган" деп шектелип жаткан инспектор кызматтан четтетилди

Түптө "айдоочудан пара талап кылган" деп шектелип жаткан Жол-кайгуул кызматынын инспектору Жыргалбек Саманов убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Республикалык жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 8-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол-кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу ал убактылуу кызматынан четтетилген.

Кечээ, 7-июлда Түп районундагы ОшМУнун студенттери менен келе жаткан айдоочудан жол-кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө башталып, Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Бишкекке чакырылып, ал бүгүн келгенде анын күбөлүгү жана төш белгиси алынды.

Ал эми Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев эки тараптуу мыйзам бузуу катталганын айтып, иликтөөнүн жыйынтыгында пара талап кылган инспектордун күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын белгилеген. Ошондой эле айдоочунун мас абалында болгону текшерүүдөн кийин аныкталганын айтып, медициналык текшерүү дайындалганын кошумчалаган.

Эске салсак, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгону айтылган. 

Аталган район боюнча Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору Мурат Жумабаев, 7-июлда SUPER.KG порталына студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара алуу фактысы боюнча маалыматы жок экенин айтып, эреже бузган айдоочунун иши сотто караларын билдирген болчу.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dadasdasd
2014-07-08 12:21:35
Убактылуу эс алып, ойлонуп,,,, анан кайра келсен коробуз.
+2
oken02
2014-07-08 12:22:04
эми сезондо Колдун ГАИлери семирет да....
+2
Marionetka
2014-07-08 12:33:55
ОшМУнун студенттери аны баштап журогон Замир Божонов азамат. туура кылыпсынар. камерага тартылбай калган "ХХХ..." деген болунуп жарылып жеке озунун атынан мамлекетти экиге болуп элди сылабаган созун чыгарсанар мындан да жаман жазаа алмак.
+3
oma94kg
2014-07-08 20:43:40
Майы кызматкерлери ак иштоо керек антпесенер капканга бат эле тушосунор студенттер азаматсынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан