Эрежесиз эр уруш боюнча Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандыктар 3 медаль менен кайтышты

Июнь айында Орусияда өткөн эрежесиз эр уруштун FCF-MMA версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандык спортчулар 3 медаль менен кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда мелдештин катышуучусу Жакшылык уулу Жайыл SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 7 салмак категориясында өткөн мелдешке 200гө чукул спортчу катышты. Анда Кыргызстан курамасы 3 медаль утуп, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Команданын эсебине Жакшылык уулу Жайыл (71 килограмм салмакта) менен Туратбек Эгизов (93 килограмм салмакта) күмүш медаль жаздырышса, Алмаз Акун 3-орунду ээлеп калган.

“Көбүнчө кавказдыктар чемпиондукка жетишишти. Алар чемпион болсо, мамлекет тарабынан үй, унааларга ээ болушат экен. Жеңишке болгон аракетти Алмаз Акун менен жарым финалда беттешкен спортчудан байкадым. Алмаз колун кайрып турган убакытта чыдап, тиешелүү упайды алып кетти. Финалда болсо бир колу иштебегенине карабай жеңүүчү аталды”,- деп кошумчалайт спортчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiaium
2014-09-13 17:52:27
азаматсынар кыргызды таанытып журобериниздер СИЗДЕРГЕ ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан