Англиялык “Ливерпуль” менен каталондук “Барселона” клубдары уругвайлык футболчу Луис Суарес боюнча макулдашууга барышты. Л.Суарестин трансфери үчүн “Барселона” 75 миллион евро төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, каталондук клуб 27 жаштагы футболчу менен 5 жылдык келишим түздү. Анын айлык маянасы жана башка маалыматтар азырынча тактала элек.
Кошумчалай кетсек, Луис Суарес Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында италиялык Жоржо Кьелиннини тиштегендиги үчүн ФИФА 4 ай футбол ойноого тыюу салганы менен, клуб которууга уруксат берген. Футболчунун жаза мөөнөтү октябрь айынын аягында соңуна чыгат. Ошол кезде гана ал “Барселонанын” курамында майданга чыга баштайт. Азыр анын ысымы жазылган футболкалар сатылууда.