Теннисчи Новак Жокович Уимблдон мелдешин утуу менен дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабына чыкты

Сербиялык теннисчи Новак Жокович теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири Уимблдонду утуу менен дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин рейтингдеги алдынкы орунду испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль ээлеп келген. Ал эми кыз-келиндердин рейтингинде 6-июлда жыйынтыкталган Уимблдон мелдешинде жеңүүчү аталган чехиялык Петра Квитова эки орун алдыга жылып, алдынкы төрттүктөн орун алды.  

Июлга карата чыгарылган Профессионал теннисчилер ассоциациясынын рейтинги төмөнкүчө:

1-орун. Новак Жокович (мекени Сербия) - 13.130 упай

2. Рафаэль Надаль (Испания) - 12.670 упай

3. Роджер Федерер (Швейцария) - 6.100 упай

Кыз-келиндердин Теннис ассоциациясынын рейтинги төмөнкүчө:

1. Серена Уильямс (АКШ) - 9.510 упай

2. Ли На (Кытай) - 6.960 упай

3. Симона Халеп (Румыния) - 6.785 упай

4. Петра Квитова (Чехия) - 6.070 упай 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан