Бразилия-2014: Бразилия менен Германиянын машыктыруучулары өз командаларынын жеңишине ишенишет

Бүгүн, 8-июлдан 9-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Германия курамасы менен Бразилия кез келет. Бул беттеш көптөн күттүргөн финал ээсин аныктап берет. Курамалардын башкы машыктыруучулары өз ойлору менен бөлүшүп, акырына чейин күрөшүү тууралуу ойлорун ортого салышты.

Луис Филиппе Сколари, Бразилиянын башкы машыктыруучусу:

- Бразилия курамасы күн санап алдыга жылып баратат, өз үйүбүздө финалда ойнойбуз деген тилегибизге бир тепкич калды. Бул оюн биз үчүн өтө маанилүү. Биз өлкө үчүн, күйөрмандар үчүн жана жаракат алган Неймар үчүн ойнойбуз. Германия курамасы майдандын бардык бөлүгүндө күчтүү. Коргонууда да, чабуулда да, жарым коргонууда да... Биз мелдештин финалга чейинки бөлүгүндө Германия менен кез келерибизди билгенбиз. Атаандашты сыйлайбыз. Бүгүн мүмкүн болушунча оюндан кийин атаандаш да бизге сый мамиле кылып калуусу үчүн баарын кылабыз.

Йоахим Лёв, Германиянын башкы машыктыруучусу:

- Жарым финалда Европа менен Латын Америкасынын тиреши болуп жатат. Бразилиялыктарды 200 миллион эл колдойт, бүтүндөй өлкө колдойт. А биз өзүбүзгө ишенебиз. Бизде да жеңиш үчүн мүмкүнчүлүк бар. Жеңишке башкы талапкер катары Бразилия саналат. Неймар менен Тиаго Силванын ойнобой турганы биздин мүмкүнчүлүктү арттырат деген ойдон алысмын. Бразилияда булардан башка да мыкты оюнчулар бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bogotik
2014-07-09 00:20:19
owondo neimar oinoboi kalaby emi birok brazilia jeniwke jetiwi kerek buiursa
+1
aikol87
2014-07-09 02:39:42
Бразилия женилди уже, 30 минуттун ичинде 5гол киргизди Германия. Неймарсыз ойной алышпайт экен.
0
mr_baigazy
2014-07-09 02:52:32
Ииииихуууу мындай оюнду коро элек болчум.Германия эн мыкты ойноду го ЧИРКИН!!! 23 24 минутадагы жана 26 минутадагы.Эми экинчи таймда коргоочулар бирден гол киргизсе андан да ЧИРКИН болмок.
+1
aiperi.1993
2014-07-09 02:57:25
Germany hat gut gespielt:).
+1
kumushbek.kuttubekov
2014-07-09 03:16:01
Бразилиянын тренери Роналдиньо жана Каканы кара тизмеге киргизбей эле койгондо балким утулушмак эмес!!!
-1
aiperi.1993
2014-07-09 03:27:34
6:0
+1
aiperi.1993
2014-07-09 03:36:41
Uraaaaa 7:0
+1
aiperi.1993
2014-07-09 03:49:22
Germany 7-Brasilien 1
0
ula1987
2014-07-09 04:31:40
Бразилия шарманда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан