Бразилия-Германия – 1:7
Голдор: Мюллер (11-мүнөттө), Клозе (22-мүнөттө), Кроос (23-мүнөттө), Кроос (25-мүнөттө), Хедира (26-мүнөттө), Шюррле (69-мүнөттө), Шюррле (78-мүнөттө), Оскар (90-мүнөттө)
Дүйнө чемпиондугу фантастикалык сүрөттөлүштү тартуулоону улантууда. Германия миллиондогон колдоочусу бар Бразилияны катуу шылдыңга калтырды. Болгондо да 7 гол киргизип, үй ээсин чемпиондук жарыштан айдап чыгарды. Финалдык жолдомону “ири зомбулук” менен алган германиялыктар эми финалда Аргентина жана Голландия курамаларынын утканы менен чемпиондукту талашат.
Оюн жогорку ылдамдыкта башталганын танып болбойт. Бразилиялыктар биринчи болуп ката кетиришти. Майданга чыкканга чейин татыктуу ойноо тууралуу убада кылынгандай эле, бул голдун артынан бразилиялык футболчулар шашып калышты. Алар эсин жыйганга чейин голдор арты-артынан кире берди. Ар бир кирген гол команданын кийинки катасына жол ачып бергендей таасир калтырды. Боксто мушкерди нокауттан раунд аяктаганда кагылган коңгуроо сактагандай эле, бразилиялыктарды калыстын ышкырыгы сактап калды. 15 мүнөттүк эс алуудан кийин гана бразилиялыктар оюн ойногонго чыкканын далилдегенге аракет кылышты. Бирок баарын артка кайтаруу, баштагы маанай менен оюн уюштуруу алар үчүн жок эле нерсе болуп калды.
Алгачкы финалчы Германияны утушу менен куттуктайбыз! Команда 2002-жылдан бери финалга биринчи жолу чыкты.