“7:1 эсебинде жеңилүүгө мен күнөөлүүмүн” дейт Бразилиянын башкы машыктыруучусу Луис Фелипе Сколари

Бразилия курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Фелипе Сколари кураманын Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Германияга 7:1 эсебинде утулуусу боюнча өзүн айыптуу деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

“Бул жыйынтык үчүн күйөрмандардан кечирим сурайм. Бул жоготуу үчүн мен жоопкерчиликти моюнга алам жана айыптуу менмин. Биз майданда көзөмөлдү жоготуп койдук. Айрым учурда мындай көрүнүштөр да болуп турат”,- деп билдирген Сколари.

Кошумчалай кетсек, бул оюн 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунда катталган эң ири жыйынтык болду. Тайпалык баскычта да бир оюн алкагында 8 гол жаратылган эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bazar
2014-07-09 10:33:04
Мына чет элдик маданият. Эгер кандайдыр бир ийгиликсиз иштерде сөзсүз жетекчилиги күнөөнү биринчи, мойнуна алат. А, бизде таптакыр тескерисинче...
+1
nurkasym-2014
2014-07-09 10:49:35
Бизде элдин мойнуна илет.
0
GUMU
2014-07-09 11:14:07
бизде Атамбаев же Бакиев, же учунчу кучтор куноолуу болмок
0
Altyn198
2014-07-09 11:20:54
бизде карапайым эл күнөөлүү болмок
0
nargiz_96
2014-07-09 12:14:49
бизде бакиев кунолу болот
0
ayakosya
2014-07-09 12:53:24
GUMU айткандай болмок
0
restreppo
2014-07-09 13:53:40
бул жерде бакиев атамбаевдин кандай тиешеси бар,спортто болуп турат,кыргыздын жаны баскан баласы да саясатчы болуп кетти го акыркы жылдары ушул жерге да саясатты кыпчып ж
0
beka88
2014-07-09 16:21:51
куму,туура айтасын,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан