Германия курама командасынын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв Бразилиянын үстүнөн болгон ири жеңиштен кийин команда өзүн жогору баалагандан сактанып жатканын билдирет. Андан тышкары ал футболдун мекенинде мындай эсептин катталганын эл акылына сыйдыра албайт дейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“7:1 эсебин эч ким күткөн эмес. 4 мүнөт ичинде киргизилген 3 голдон кийин атаандаштар шок абалына туш болушту. Биз болсо мүмкүнчүлүктөрүбүздү кенен пайдаландык. 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда да биздин команда жарым финалда Италияга утулган. Ошондо эл жакшы кабыл алган эмес, катуу иренжиген. Менин оюмча, футбол менен жашаган Бразилияда да бул жеңилүүнү акылга сыйдыруу оңой болбойт. Биз болсо финалдык оюнга даярданабыз”,- деп билдирген Лёв.