Кара-Сууда дааратканадагы кырсыктан 4 адам көз жумду
Бүгүн түнкү саат 3:00дө Кара-Суудагы кыйроого учураган коомдук дааратканадан куткаруучулар 4 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады. Кырсыкка байланыштуу окуя болгон жерде КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев менен ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов болуп, кырдаал менен таанышып кайтышты. Белгилей кетсек, 3-ноябрда Кара-Суудагы борбордук базардын дааратканасынын полу кыйрап, андагы адамдар зыян тартышкан. Ушул тапта каза тапкандардан тышкары 12 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыйроо учурунда дааратканада канча адам болгону белгисиз. Учурда кырсык болгон жерде иликтөө иштери уланууда.
Жаман болуптур(( базарларга өзү био туалет эле коюш керек.
0
Farhadmyrza
2012-11-04 20:03:13
Кулап калганча иштете беришеби? Жиндилерго
+1
joza
2012-11-04 20:19:06
жаман болгон тура!
0
enigma
2012-11-04 20:45:16
ушул даараткана бышык эле корунчу,эч кандай симптомдору жок кулап тушту 2-3секунд ичинде.теле-интернеттен канча адам каза болгонун так айтпай жатышат.35-40адам каза болду.3-ноябрда алынып чыккан 12адам больницага жеткирилген эле алар да каза болду. бугун 4-ноябрь саат тушку 12лерде издоо иштери бутту.
0
enigma
2012-11-04 20:48:50
ушу даараткана озу аябай кирешелуу бизнес, анан ошого жараша качественный курса жакшы болмок. даараткананын терендиги 15-18метр болгон, чоон эле. коомдук дааратканага киргенден коркуп калат экенсин
0
chike87
2012-11-04 21:05:33
Акыркы заман келерде адамдын өлүү саны көбөйөт дегени чында.Кетерибиз анык болгондон кийин, Жараткан ар бирибиздин ыйманы менен кошо алсын.
0
Kymyzkyz
2012-11-04 21:47:56
Акчасын алган сон ремонт кылууну да унутпаш керек болчу. Кантсе да жаман болуптур, мен мындай олумду эч кимге каалабайт элем.
0
enigma
2012-11-04 22:08:35
Кара Суу базары бир канча кунго КАРАНТИН зонасы болуп кабыл алынды
0
nursulu
2012-11-04 23:40:32
Ушул кырсыкта каза болгон адамдардын уй - булосуно терен кайгыруу айтам...арты кайрлуу болсун...
0
samat__kg..
2012-11-05 00:05:07
Ай карашса болмок туалетти иштете бербей кулагыча.. эми жаткан жерлери жайлуу болсум отуп кеткен момундардын..
0
ELKA-87kg
2012-11-05 00:31:16
Каза тапкан адамдардын уй-булоосуно, жакындарына конул айтабыз. Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекер айтпайт да ажал айттырбай келет бешенеге жазгандан єч ким качып кутулалбайт жайлары жаннаттан болсун!!!
0
meridian
2012-11-05 00:40:26
угуп алып тобо чачым тик турду. тообо,акыз заман деген ушубу деп да ойлоп кеттим.
0
meridian
2012-11-05 00:41:25
кайтыш болгондордун жайлары жаннаттан болсун!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.