Бүгүн, 9-июлда футбол боюнча өлкө чемпиондугунун кезектеги тур оюндарынын алкагында нарындык “Ала-Тоо” командасы Ош шаарынын “Алай” командасы менен беттешет. Беттеш 18:30да башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайтынан кабарлашты.
Оюн тууралуу маалымат:
“Ала-Тоо” (Нарын) – “Алай” (Ош)
Башталышы: 18:30
Стадион: Бишкек шаары, “Дордой” спорт-комплекси