“Германия бразилиялыктарга футбол ойногонду үйрөттү”. Ири эсептеги жеңилүүнү Бразилиянын футбол элитасы түшүнүүгө аракет кылды

Бразилиянын өз үйүндө өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Германияга 7:1 эсебинде утулганы катуу талкуу жаратты. Катардагы футбол сүйүүчүлөрү бул оюндун жыйынтыгын социалдык тармактардагы баракчаларда, өз ара талдашууда. Ал эми Бразилиянын футбол элитасы болуп өткөн окуяны түшүнүү менен кабыл алып, өз пикирлерин билдиришти.    

Пеле, легендарлуу футболчу:

- Футболду мен сюрприз толгон куту менен салыштырып келем. Эч ким мындай жыйынтык күткөн эмес. Бразилия Дүйнө чемпиондугун бул жолу ута албай калды, 2018-жылы Орусияда өтүүчү мелдеште утат.

Дилма Русеф, Бразилиянын президенти:

- Бардык эле бразилиялыктар сыяктуу мен дагы жеңилүүгө кайгырып турам. Футболчулар менен күйөрмандардын кайгы-капасын тең бөлүшөм. Бул оюндан кийин Бразилиянын шагы сынбай, тескерисинче, курчушу керек.

Давид Луис, команданын капитаны:

- Биз күйөрмандарыбызга кубаныч тартуулоону максат кылганбыз, колубуздан келген жок. Бразилиянын бардык тургундарынан кечирим сурайбыз. Германиялыктар бизден мыкты болуп чыкты. Бул күн унутулбайт.  

Жуниньо, экс-футболчу:

- Азыр футболчуларды сындоо туура эмес. Германия бразилиялыктарга футбол ойноону үйрөттү. Бразилиянын футболунун азыркы абалы тууралуу ойлонуш керек.

Роналдо, экс-футболчу:

- Эми Бразилия 3-орунду алганга милдеттүү. Биздин футболчулар кетирген каталары үчүн чоң жаза алып, ири эсепте утулушту. Мындай учурлар күйөрмандар үчүн катуу сокку болот. Андыктан кийинки оюнда биздикилер жакшы ойноп, эч болбосо 3-орунду ээлегенге милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
musulmanin
2014-07-09 19:37:55
Жеңилгенди билген, жеңишке жетет.
Бул Бразиляга сабак болду..
Неймар менен Силванын жоктугу..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан