Чили курама командасынын чабуулчусу Алексис Санчес өзү ойногон каталондук “Барселона” клубу менен жакын арада коштошот. Футболчунун кийинки клубу лондондук “Арсенал” болмокчу. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, футболчунун трансфери үчүн “Арсенал” 35 миллион евродон ашык каражатын сарптаган. Каталондук клубдун курамына 2011-жылы келген Санчес 140 оюнда 46 гол киргизген.
Кошумчалай кетсек, “Барселона” Санчестин ордун Уругвайдын чабуулчусу Луис Суарес менен толуктай турганы буга чейин айтылып келген.