Кечээ, 9-июлда болгон футбол боюнча өлкө чемпиондугунун кезектеги тур оюндарынын алкагында нарындык “Ала-Тоо” командасы менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешти. Бишкекте өткөн оюнда “Алай” командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына “Алайдын” чабуулчусу Алмаз Мирзалиев билдирди.
Оюн тууралуу маалымат:
“Ала-Тоо” (Нарын) – “Алай” (Ош)
Стадион: Бишкек шаары, “Дордой” спорт-комплекси
Голдор: Владимир Верёвкин, Ильдар Амиров