Марадона: “Аргентина керек болсо финалда Германияны да утат”

Легендарлуу аргентиналык футболчу, Аргентина курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Диего Марадона Аргентинанын Дүйнө чемпиондугун утарына ишенет. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

“Аргентиналыктар жарым финалда Голландияны утуу менен курама команданын формасынын баштапкы баркын, баалуулугун кайтарышты. Голландияга каршы оюнда Аргентина өзү да жакшы ойногон жок, ошол эле учурда атаандаштарын да ойноткон жок. Биздин команда керек болсо финалда Германияны да утат”,- деп билдирген Марадона.

Кошумчалай кетсек, 9-июлдан 10-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Анда Аргентина атаандашы Голландияны пенальтилер сериясында утуп алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
sayakovna
2014-07-10 13:32:48
Гремания утат чемпион Германия
0
rukopaWnik
2014-07-10 13:42:37
Германия Аргентинага да көп гол согот минумим 3 гол!
Германия чемпион болот!!!
Бир Месси эмне кыла алат,аны Боатенг эле кармап ойнотпойт,Мессиге рахмат айтышсын финалга дери сүдүрөп келди.
+4
doni89
2014-07-10 14:09:17
Утат утпайт деп талашып тартышпайлы оюн болгон куну коруп жатарбыз ким утат кен ал бетте Германия утат да бюрса))))
+1
timan.86
2014-07-10 14:16:57
Аргентина утат мына коросунор Германия 2 орунда болот.
0
Evrazia.
2014-07-10 14:49:19
Алга Аргентина буйурса финалда жакшы ойун коргозот.
-1
elgiz0890
2014-07-10 16:11:20
аргентина алга гитлерчилерди уткула
-2
Oi_pikir
2014-07-10 17:35:33
Бечара Мессини немистердин бир нечеси кароолго алып, ойнотпой коюшат го.
Аргентина өтө күчтүү бир лидерге байланган команда, немистерде болсо лидердин эмес, команданын оюну, Мессиге кыйын болот.
+1
Oi_pikir
2014-07-10 17:36:54
Бразилия, дегеле Түштүк Америка Германияга каршы Аргентинаны колдойт. Андай басымда ойноо оңой эмес.
+1
LaraKroff
2014-07-11 11:59:13
Oi_pikir, Бразилиянын басымы менен деле Бразилияны утуп алды го :)
+1
Bodibilding
2014-07-10 18:04:03
германия чемпион болот.
+1
insap
2014-07-10 18:42:18
Kudai buirusa degendi bilbegeni kooptuu. germaniada ongoi joo emes ele da?!...
0
maks93
2014-07-10 19:23:38
Аргентина чемпиооооон!!!
-1
kamyr26
2014-07-10 22:10:33
Германиядан умутум чон Кыргыздардын куйормандарын кайдыгер калтырбайт деп ишенем
-1
Akabai
2014-07-10 23:21:18
Германия менен Аргентина эмне болсо ошо болсун, эми Бразилия 3-местага ийлешсе экен оз уйундо
+2
Diana92kg
2014-07-11 20:54:07
Аргентина утаааат!!! Аргентина утууш керек!!Кудай буюрса Аргентина утат!!Аргентина утат деген чооон ишеничтемин!!!
0
Kanat8427
2014-07-12 16:22:12
Алга Аргентина
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан