Голландияны утуп, Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучусу Алехандро Сабелья оюн тууралуу пикирин айтты. Анын айтымында, жарым финалда анын шакирттери татыктуу жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
“Биз финалга чейин жеттик. Голландия менен Аргентинанын ортосундагы жарым финалдык оюнда бардык жагынан тең ойношту. Болгону, пенальтилер сериясында ийгилик биз тарапта болду. Мен бардык аргентиналыктарды бул жеңиш менен куттуктайм! Эми биз Дүйнө чемпиондугун утуу үчүн бар күчүбүздү сарптайбыз”,- дейт ал.