Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешине Орусиянын президенти Владимир Путин жандуу күбө болот. Мелдештин расмий жабылуу аземинде ага Бразилиянын президенти тарабынан эстафета тапшырылат. Андан кийин гана Орусия 2018-жылы Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө даярдыкты расмий түрдө баштайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күнү ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин да Путин менен жолугары күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш 13-июлдан 14-июлга караган түнү орун алат. Анда Рио-де-Жанейро шаарындагы «Маракана» стадионунда Германия курамасы менен Аргентина курамасы кез келет.