Жайкы трансферлер-2014: Марио Манжукич “Бавария” менен коштошуп, “Атлетиконун” курамына кошулду

Хорватия курама командасынын чабуулчусу Марио Манжукич мюнхендик “Баварияны” мадриддик “Атлетикого” алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Марио Манжукич Испаниянын акыркы сезондогу чемпиону “Атлетико” менен 4 жылдык келишимге кол койду. Расмий эмес маалыматтарга караганда, трансфердин суммасы 22 миллион еврону түздү.

Кошумчалай кетсек, Марио Манжукич “Бавариянын” курамына 2012-жылы кошулган. 2 сезон алкагында ал мюнхендик клубдун курамында 88 оюнда 48 гол киргизген. Команда менен ал УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Суперкубогун жана Германиянын чемпиондугун ута алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat88
2014-07-11 17:28:11
Kostanyn ordun tatyktuu basysh kerek emi Mario
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан