Жаракат алган бразилиялык футболчу Неймар: “Майыптардын арабасында отуруп калышым мүмкүн эле”

Бразилия курама командасынын лидери Неймар Колумбия курамасы менен болгон беттеште алган жаракаты тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, кыр аркасына тийген сокку дагы сантиметр өйдө болгондо анын майыптардын арабасында отуруп калуусу мүмкүн эле. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Эске салсак, Неймар Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Бразилия-Колумбия беттешинде жаракат алган. Колумбиялык футболчу Хуан Камило Суньигу Неймардын артынан келип, кыр аркага тизеси менен тээп өткөн. Дарыгерлердин айтымында, Неймардын омурткасы жабыркаган. “Менде Суньигуга болгон таарыныч жок. Болгону, ал ошол учурда эмне максат менен мени тепкенин түшүнө албай жатам. Футбол тууралуу билгендер анын кылыгын катардагы топ үчүн күрөш деп айтпаса керек...”- дейт бразилиялык футболчу.
Эми ФИФА Неймар ойногон каталондук "Барселонага" компенсация иретинде 238 миң евро өлчөмүндөгү акча каражатын берет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ayakosya
2014-07-11 13:26:06
Бразилия женилди эми эмне болсон ошо бол
+2
Umka220190
2014-07-11 13:57:02
Эмне себеп менен тепкени билинип эле турбайбы... Ичи күйүп кетти да. Айласыздыктын иши. Топ Неймардын оң алды жагында болсо, аркасынан келсин мейли, бирок зачем секирип? Же Неймардын үстүнөн секирип өтүп кетем деп ойлодубу. Мээси анча-мынча тормозит экен ))
+2
bossmos7
2014-07-11 14:36:50
Umka220190, Мээси кучтуу эле! Кандай болсун жениш керек эле! 0русча(любой ценой)!.)
0
Aselina_kg
2014-07-11 14:25:26
Атайын кылганда ХХХ ХХХ неме
0
admin_portal
2014-07-11 14:41:51
Aselina_kg - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
0
expert.007
2014-07-11 14:30:08
Хуан Камило Суньигу ну ба футболлдон четтетиш керек
+1
nurkasym-2014
2014-07-11 18:37:15
Атайын тепкендей болуп турат.Бул фудболистке ФИФА айып салыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан