Бельгия курама командасынын 17 жаштагы күйөрманы Аксель Деспигелэр күйөрмандык кылып жаткандагы сүрөтүнүн арты менен ири компаниялардын биринин жарнамасына тартылуу сунушун алды. Бул тууралуу кечээ, 10-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Акселдин Бельгия-Орусия курамаларынын ортосундагы оюнда тартылган сүрөттөрү гезит-журналдардын беттерине, интернетте жайылып кеткен. Футбол көрүп жүргөн сулуу кыздардын “күйөрманы” болгон ири компаниялар анын дарегин таап, косметикалык компаниянын биринин расмий жарнамасына тартылып берүүнү суранышкан. Футбол сүйгөн сулуу кыз дароо макулдугун берген.