8-июлда Казакстандын Алматы шаарында Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогуна арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алган. Бул мелдешке күчтүү курам менен барган Кыргызстан курама командасы казактардын калыстыгына канааттанбай, мелдештен чыгып кетүүнү туура көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов SUPER.KG порталына кабарлады.
“Дүйнө чемпиондугу болобу, Азия чемпиондугу болобу же Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеш болобу, айырмасы жок, казактар кыргыз мушкерлерин басынткандын гана үстүндө. Азиянын чемпиону Азат Усеналиев дайыма Казакстандын аймагында өткөн мелдештерде гана калыстардын туура эмес чечиминин курмандыгы болуп келет. Мен уюштуруучуларга жана Эл аралык бокс ассоциациясынын мүчөлөрүнө барып, кырдаал боюнча айттым. "Дайыма кыргыздарды басынтып келесиңер" деп айтып, команданы мелдештен алып кетеримди билдирдим. Алар калуумду суранышты. Мелдешке чакырышканы үчүн рахмат айттым да, "калыстык болбогон жерде тура албайм" деп кетип калдым”,- дейт ал.
А.Бекболотовдун казакстандык калыстардын ишине катуу нааразы болгону анын айткан кептеринен байкалып турду. “Бизде намыс деген бар. Басынып, бирөөнүн көзүн карап тура албайбыз. Алдыда Казакстандын аймагында өткөн мелдештерге катыша беребиз. Болгону, ушул мелдештеги калыстык мага жаккан жок”,- деп кошумчалайт Адылхан мырза.