Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу акыркы 2 беттештен кийин сапарын карытат. Азыр 3-орун үчүн болгон беттеш жана финалдык беттеш гана калды. Бүгүн, 12-июлдан 13-июлга караган түнү мелдештин коло медалы үчүн (3-орун үчүн) Голландия жана Бразилия курама командалары кез келет.
Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондуктарында салттуу түрдө жарым финалда утулган командалар 3-орун үчүн өз ара кез келишет. Голландия жарым финалда Аргентинага пенальтилер сериясында утулса, Бразилия өз үйүндө Германияга ири эсепте утулуп, чоң уятка калды.
3-орун үчүн болгон оюн:
БРАЗИЛИЯ - ГОЛЛАНДИЯ
Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Бразилиа шаары, “Улуттук” стадиону
Калыс: Жамель Хаймуди (Алжир)