Бразилия-2014: Бразилия Голландияга утулуп, өз үйүндө медалдан куру калды (фоторепортаж)

БРАЗИЛИЯ - ГОЛЛАНДИЯ - 0:3 

Голдор: Ван Перси (3-мүнөттө, пенальтиден), Блинд (17-мүнөттө), Вейналдум (90+1-мүнөттө).  
ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер айтмакчы, Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу фантастикалык оюндар менен коштолууда. 12-июлдан 13-июлга караган түнү бул мелдеш алкагында кичи финал же болбосо 3-орун үчүн болгон беттеш Бразилия жана Голландия курамаларынын ортосунда болду.
Бразилия ири эсепте утулгандан кийин элдин ишенимин сактап калуу үчүн эч болбосо ушул беттешти утууга тийиш эле. Бразилия курамасынын акыркы оюнунда медаль үй ээлерине тапшырылып, стадиондун ар бурчунда сары-жашыл желек желбиреп турганы бардык бразилиялыктардын каалаганы эле. Бирок бул нерселер кыял бойдон калып, майданда такыр башкача жыйынтыктагы оюн болду. 
20-мүнөткө чейин эки ылдам гол киргизген европалыктар өзүлөрүнө болгон ишенимди арттырып алышты. Коргонууда каталар болуп жатты. Чабуулдун уюшулуусу бир топ кыйын болуп жатты. Кенедей катадан гол киргизгенге жөндөмдүү Голландия командасы оюндун ылдамдыгын өзү каалаган маалда көтөрүп, каалаган маалда топту атаандаштан тартып алып жатты. Мунун баарынын жыйынтыгын оюн эсеби айтып турат... 
Медаль ээлерин куттуктайбыз! 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kyzyl-Unkur
2014-07-13 08:05:30
Ehhh jalko Brazilialyktarga, jok degende 3-orundu alsa jakshy bolmok oz uiundo.
+1
insap
2014-07-13 08:29:33
Baikushka ailan'gan tura eki kixisiz aiantka tvxkon komanda...
0
Lumia-800
2014-07-13 10:26:33
Мына сагаа...ошондой болуш керек болчу.
0
ARTURO
2014-07-13 11:43:25
дагы 7.1ге утулса болмок
0
Begimkyz
2014-07-13 12:38:06
ARTURO, кой э. Бразилияны колдоп журдум эле каааап(((
+1
92nuraaly
2014-07-13 12:50:06
Жаман болду Бразилия, мен дагы колдомуш болдум эле.
+1
aza.kg007
2014-07-13 13:21:13
Мен германияны колдоп атамда
0
nurkasym-2014
2014-07-13 13:31:50
Бразилиялыктар башында эле эптеп суроондун ж-а Неймар м-н капитан командасынын кучу м-н келе атышкан.Дагы жакшы жарым финалга илиништи. Болбосо буларды Чили курама командасы эле утуп ала жаздаган.
+1
Nursultan.m.n
2014-07-13 13:37:51
Бирок чындыгында Бразилияга жалко ((
+1
insap
2014-07-13 13:45:37
Месси: чечүүчү мелдеште өмүрүмдөгү ең зарыл бир согушту аткарам, чемпён болуу тилегиме өз командамды алып барам!
0
kyrgyz.93
2014-07-13 14:23:30
Бразилияны Айперинин клибиндеги комондосы деле женип койот
-2
Mirko95
2014-07-13 14:48:42
Коп катачылыктар болду, 2-гол офсайд абалында кирди,Оскарга сары кагаз берген дагы туура эмес болду, арбитр кайсы жакты карап турган тушунуксуз
-1
lotte
2014-07-13 16:02:01
Mirko95, Бразилиянын кыздардын карап турган гооо ))
+2
beka88
2014-07-13 15:09:02
бугун мессиге куч берсин
+1
NARYNGRAD
2014-07-13 16:19:00
Мюллер, Клозе жана Шюрлеге күч берсин!!!
0
ayakosya
2014-07-13 18:52:28
Лохтор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан