Бразилия-2014: Бүгүн Дүйнө чемпиондугунун акыркы беттешинде Германия менен Аргентина кез келет

Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнүн чекесин жылыткан Дүйнө чемпиондугу өз сапарын карытып барат. Бүгүн, 13-июлдан 14-июлга караган түнү Бразилиядагы атактуу “Маракана” стадиону кезектеги Дүйнө чемпионун аныктайт. Анда Германия менен Аргентина кез келет. Төмөндө оюн тууралуу маалымат жана анын тегерегиндеги ой-пикирлерге орун бердик.

Финал:

ГЕРМАНИЯ - АРГЕНТИНА

Башталышы – 01:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону  

Калыс: Никола Риццоли (Италия)

БРАЗИЛИЯЛЫКТАР ЭЛДЕШКИС ЖООСУ АРГЕНТИНАГА АЙЛАСЫЗ ЖАН ТАРТЫШАТ

Дүйнө чемпиондугунун кубогу буга чейин 19 ирет колдон колго өткөн жайы бар. 10 ирет европалык командалар Дүйнө чемпиондугун утушса, калган 9 жолкусунда Латын Америкасынын өкүлдөрү жеңүүчү аталышкан. Мааракелик 20-Дүйнө чемпиондугунда континенттер аралык эсептин теңелүүсүнө океандын ары жагындагы эл кызыкдар. Андыктан футбол жаатында элдешкис жоо экенине карабай бразилиялыктар Аргентинага күйөрмандык кылышат. Бул ириде Германиянын Бразилияны ири эсепте утканынан кийин ага болгон жек көрүүнүн артышы менен да байланыштуу. “Месси клубдар арасындагы мелдештердин баарын утту. Жеке сыйлыктары көп. Менин оюмча, ал Дүйнө чемпиону болууга да татыктуу. Мен финалда Аргентинага жана Мессиге жан тартам”,- дейт Бразилиянын лидери Неймар.

АРГЕНТИНАГА МАРАДОНА ТИЛИ МЕНЕН, АЛ ЭМИ МЕССИ БУТУ МЕНЕН ЖАРДАМ БЕРЕТ

Атактуулардын ММКларга олуттуу билдирүү жасоосу "футбол жаатында атаандашка сүр көрсөтүүгө аракет кылуу" деп бааланып келгени сыр эмес. Бул жолу гезит-журналдар жана телеберүүлөр аркылуу атаандаштарга өз командасынын артыкчылыгын айтуу, көрсөтүүнү легендарлуу футболчу Диего Марадона ишке ашырууда. “Финалда Месси чоң роль ойнойт. Эгер бул күнү Месси кубокту утуп, Марадонадан ашып түшсө, биринчи кубанган мен болом”,- дейт Диего Марадона. Ал эми Месси бул күнү жеңиш үчүн бар күчүн сарптай турганын билдирди. “Мен буга чейин уткан жеке сыйлыктарымдын баарын Дүйнө чемпиондугунун кубогуна алмашууга даярмын”,- деп кошумчалайт ал.

ГЕРМАНИЯ ӨЗҮНӨ ИШЕНГЕНИН КООМГО БАЙКАТУУДАН ЧОЧУЛООДО

Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв финалдык беттеш алдында өз командасын жеңишке башкы талапкер катары атоодон баш тартты. Анын айтымында, бул эки команданын деңгээли бирдей. “Финалдык оюндун жүрүшү өтө кызык болот деп ойлойм. Аргентина - мыкты команда. Коргонуусу да учурда жакшы. Бирок биз жеңиш үчүн ойномокчубуз”,- дейт ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
anash
2014-07-13 20:07:54
Германия утат буйруса 3-1
-3
kg-zzzzz
2014-07-13 20:18:44
Аргентина АЛГААААА !!!!!!!!
+4
artur007
2014-07-13 21:09:00
германия 7:0 утчу мессини ыйлаталы неймарды ыйлаткандай

-3
edik07
2014-07-13 21:10:20
Аргентинанын эмнесине Жан тартып атасынар. Алга немцев
-3
kitikat
2014-07-13 21:27:18
аргентина 2-1 германия
+6
bekmurat1992
2014-07-13 22:29:36
@ргентина алга!!!
+4
malik.87kg
2014-07-13 23:42:34
германия утат 5гол саят
-2
Msto005571
2014-07-13 23:44:23
ээ ою жоктор аргентина женеби германиябы мага по барабану оо таджиктер баткенде сайылып атышат бизге(
+3
kursantbek
2014-07-14 03:08:34
Аргентина чемпион буюрса!!!
+2
aismiris
2014-07-14 03:28:45
Гооол !!!
-2
Aisanat
2014-07-14 04:14:49
Уррраааааа Германия чемпион болду.
-1
Jakai89
2014-07-14 04:20:06
Урааааа Германия чемпиооон. Уфиийй бизде да кааччаан болот чемпиондор же москвада журо беребизби ээ
-1
Anqelina2
2014-07-14 04:28:40
Окунучтуууууу... Аргентина женилип калды. Бул жердеги Германияга жан тарткандарга тан калып жатам. Эмне силерге немец деген соз суук угулбайбы. Негедир менин журогумдо немецтер, фашисттер дегендей жек коруу тагы калыптыр.
+1
ula1987
2014-07-14 04:43:42
Германия молодцы,аргентинаны сайып койду.
-1
alooke
2014-07-14 09:25:45
Германия үмүттү актады. Мыкты команда экенин тастыктап, тарыхка таамай атын жаза алды.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан