Бүгүн, 13-июлдан 14-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун расмий жабылуу аземи орун алды. Финалдык беттешке бир жарым саат калганда уюшулган иш-чаранын концерттик программасында белгилүү колумбиялык ырчы Шакира “La la la” деген аталыштагы ырын аткарып берди. Андан тышкары Карлос Сантана, Вайклеф жана Алешандре Пирес сыяктуу ырчылар “Dar Um Jeito” чыгармасын тартуулашты. Мелдештин расмий гимни болгон “We Are One” чыгармасы ачылыш салтанатында ырдалгандай эле бул жолу да Женнифер Лопес, Pitbull жана Клаудиа Лейттенин аткаруусунда обого жаңырды. Дүйнө чемпиондугу менен коштошуу салтанаты ушундайча өттү.
Кошумчалай кетсек, жабылуу аземине бир катар атактуулар катышты. Алардын ичинен ырчы Шакира уулу Миланды элдин алдына алып чыкты.