Орусия 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө кабыл алуу үчүн даярдыгын көрүп баштаса болот. Мындай укук Орусияга 13-июлдан 14-июлга караган түнү ФИФА тарабынан расмий түрдө берилди. Ошондой эле өз үйүндө мелдеш өткөрүү эстафетасын Владимир Путин Бразилиянын президенти Дилма Роуссеффтин колунан алды.
“Бул жолку Дүйнө чемпиондугу мыкты уюшкандыгы жана мыкты оюндары менен айырмаланды. Бул кийинки мелдешти өз үйүндө өткөрө турган Орусиянын даярдык иштерине болгон жоопкерчилигин арттырат. Мен ойлойм, Орусия алдыда коюлган тапшырмаларды так аткарып, 2018-жылы эсте кала турган дүйнө биринчилигин тартуулайт”,- дейт ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер.