Бүгүн, 14-июлда жыйынтыкталган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион аталган Германия курама командасына мелдештин уюштуруучусу ФИФА тарабынан 35 миллион доллар каралган.
ФИФА тарабынан алдынкы төрт орундун ээлери акчалай сыйлыкка ээ болушат. 4-орунду ээлеген Бразилиянын Футбол конфедерациясы сыйлык катары 20 миллион доллар алса, 3-орундун ээси болгон голландиялыктарга 22 миллион доллар төлөнөт. Ал эми финалда жеңилип, 2-орунду ээлеп калган Аргентина курама командасы 25 миллион долларга ээ болот.