14-июлда жыйынтыкталган Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугун утуп алган Германия курама командасынын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв финалдык оюндан кийин аны колдогон Бразилиянын элине рахмат айтып, өз командасы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Чемпион болгон команданы чогултуу долбоору 10 жыл мурун башталган. Бул аралыкта Дүйнө чемпиону болорубузга ишенип келдик. Бул команда татыктуу чемпион болду”,- деп билдирген Й.Лёв. Андан тышкары башкы машыктыруучу жергиликтүү элге жана мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирет: “Биз финалдык оюнга келе жатканда жолдо тизилип алган жергиликтүү тургундар кол чаап, бизди колдоого алышты. Биз жарым финалда Бразилияны 7:1 эсебинде утканыбыздан кийин катталган бул окуя эстен кеткис болду. Рахмат, Бразилия!”