Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Германиянын курамында чемпион болуп, мелдештин эң пайдалуу оюнчусу аталган Тони Кроос мадриддик “Реал” футболдук клубунун оюнчусуна айланды. Буга чейин 24 жаштагы футболчу мюнхендик “Бавария” футболдук клубунда ойноп келген.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, футболчунун трансфери үчүн мадриддик клуб 25 миллион евро сарптаган. Клуб менен оюнчунун ортосунда 5 жылдык келишимге кол коюлду. “Менин футболдогу эки кыялым орундалды. Дайыма Дүйнө чемпиондугун утууну жана мадриддик “Реалдын” круамында ойноону кыялданып келгем”,- деп билдирген футболчу.