Кара-Кулжа районунун 4 тургуну мал уурулук менен алектенген адамдарды кармап калышып, аларды өздөрү жазалагандыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Сузак районунун Курманбек жайытында Кара-Кулжа районунун Б.К., М.Ж., У.Т. аттуу жарандары Бекен Назаралиев аттуу айылдашы уурдалган атты минип баратканын көрүп калышкан. Кийин үчөө Бекен Назаралиевди ур-токмокко алышып, Калмак-Кырчын айылына алып келишкен. Ал жерден Бекен Назаралиев уурулукта шериги болуп жүргөн Ю.А. аттуу жаран тууралуу айтып, ал дагы аталган жарандар тарабынан кармалган. Кармалгандар 8 жылкы, 5 уй уурдагандыгын мойнуна алышкан. Уурдалган малдын ээлери чогулган соң, А.А., Б.К., Э.С., У.Т. аттуу жарандар Ю.А. аттуу жарандын бутун таңып, камчы менен толгоп кыйнашкан. Кийин Ю.А. алган жарааттарынан ооруканада каза болгон.
Учурда бул кылмышты жасады деп шектелип жаткан 4 жаран 2 айга камакка алынышты. Иликтөө иштери уланып жатат.