Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Германияга жеңиш алып келген голду Марио Гетце киргизди. Ал тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв төмөнкүчө ой бөлүштү: “Оюндун 88-мүнөтүндө Мариону майданга чыгарып жатып, аны “гол киргизип, өзүңдүн Лионель Мессиден мыкты экениңди элге далилде” деген тапшырма менен жибергем. Ал бул тапшырманы так аткарды. Тамашасы жок, менин оюмча, ал Мессиге салыштырмалуу мыкты ойнойт”. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.