"Чоң ата, кечир мени! Мен Дүйнө чемпиондугунда Германияга күйөрмандык кылып жатам". Мындай маанидеги билдирүүлөр бир катар кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында жазылып турду.
Ооба, кыргызстандыктар эле эмес, бүтүндөй дүйнө эли Германиянын чемпиондукка карай олуттуу кадам таштап баратканын баамдап, күтүп жатышкан. Көпчүлүк күткөндөй, Германия акыры чемпиондукту да утуп алды. 24 жыл күттүргөн Дүйнө чемпиондугун футболчулар, күйөрмандар жана Германиянын канцлери Ангела Меркель кызуу майрамдашты. Ошондой эле бул күнү чемпиондордун колунан сыраны, стадион үстүнөн салютту жана майдан үстүнөн футболчулардын селфи өнөрүн (өзүн өзү сүрөткө тартуу) көрүүгө болот эле...
Назарыңыздарга Дүйнө чемпиондорунун фотосессиясын коймокчубуз.