Токмок шаарында каналга чөгүп кеткен жарандын сөөгү Казакстандан табылды

Токмок шаарында каналга чөгүп кеткен жарандын сөөгү Казакстандан табылды. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2014-жылдын 14-июль күнү саат 17:40 чамасында №2-дачалык участогунун аймагынан агып өткөн канал суусуна 1972-жылы туулган А.Ю.Опанасенко чөгүп кеткен.

Издөө иштерине КРнын ӨКМнын №21-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын сөөгү Казакстандын Шара-Төбө айылындагы суудан табылган. Учурда анын сөөгүн бир туугандары алып келип өлүкканага өткөрүшкөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан