Германиялык футболчу Мирослав Клозенин Дүйнө чемпиондугунда 16 гол менен рекорд койгону дагы да талкууланууда

Германиялык футболчу Мирослав Клозенин Дүйнө чемпиондуктарында киргизген голдорунун санын 16га жеткирип, мелдештин тарыхында мыкты бомбардир болгону дагы да болсо талкууланууда. Бир катар форумдарда рекорддун буга чейинки ээси Роналдо (15 гол) менен Клозенин жеке чеберчиликтери, футболчу катары сапаттары талданып бүтө элек.

Клозе рекорд койгондо көптөгөн футбол ишмерлери өз ойлорун айтышты. Алардын бири португалиялык машыктыруучу Жозе Моуриньо “Клозенин жетишкен ийгилигин сыйлайм. Бирок кадыр-барк жагынан жана майдандагы чеберчилиги жагынан Клозе бразилиялык Роналдого караандабайт. Роналдо акыркы 20 жылдагы эң мыкты футболчу” деп билдирген.

Төмөнкү видеодон Мирослав Клозенин мелдеш тарыхында киргизген 16 голун көрө аласыз. Негизи, Клозе баш менен ойноодо Роналдону артка калтырбаса, кем калбайт... 

Мирослав Клозенин Дүйнө чемпиондугунда киргизген 16 голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kursantbek
2014-07-15 16:23:54
Эгер португалияда оюндун аягыга чейин ойносо Роналдо деле киргизмекта 16ты голду
-4
Aisanat
2014-07-15 16:43:29
kursantbek, кана ошо киргизбейт беле анан. Германия менен ойногондо оозун ачып еле ыйлагысы келип турду го. Германия менен Бразилия ойноордун астында Клозенин жаракат алышын же ооруп калышын тилеген екен. Адамгерчиликке жатпаган нерсе. Мунусун уккандан кийин жаман коруп калдым.
+2
JrDosSantos
2014-07-15 16:59:51
Бул Криштиану Роналду эмес достор. Бразилиялык Роналдону айтып жатат. Бул футболист карьерасын аяктаган.
0
Baky006
2014-07-15 17:14:17
Рона́лдо ( порт. Ronaldo; полное имя —
Рона́лдо Луи́с Наза́рио де Ли́ма[1] , порт.
Ronaldo Luís Nazário de Lima; родился 22
сентября [2] 1976 года , Рио-де-Жанейро ,
Бразилия ) — бразильский футболист ,
завершивший игровую карьеру, выступал на
позиции нападающего ; по мнению многих
футбольных организаций, специалистов и
игроков, лучший или один из лучших
игроков в истории футбола [3][4][5][6][7] .
-2
egoiste
2014-07-15 17:30:31
Рональдо менен Клозени бир-бирине тенеген туура эмес. Рональдо голдорун кимдерге киргизген, Ал эми клозе кимдерге киргизген. Рональдонун 2002-жылкы Дуйно Чемпиондугунда финалда Германияга киргизген 2 году Бразилияны чемпион кылган.Ал Чемпионатта 8-гол киргизген жалпысынан. Клозеники Сауд Аравиясына покер жана ушу сыяктуу голдор.
0
forvard
2014-07-15 23:52:41
эн туура
0
adievich83
2014-07-16 09:59:50
Португалиялык машыктыруучу Жозе Моуриньонун пикирин колдойм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан