12-июлда Венгрияда кыргызстандык балбандардын катышуусунда өткөн студенттер арасындагы Дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Күрөштүн 3 түрү (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) боюнча өткөн биринчиликте Кыргызстандын желеги астында байгелүү орундар үчүн жалпысынан 4 балбан күрөштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда SUPER.KG порталына республикалык "Жаштык" борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардан Калыбек Жолчубеков 59 килограмм салмактык бөлүктө грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Курамда андан тышкары Ильгиз Жакыпбеков (74 килограмм, эркин күрөш), Айбек Усупов (86 килограмм эркин күрөш) жана Аскар Бегалиев (эркин күрөш) сыяктуу балбандар 3-орун үчүн күрөшүп, медаль тагына алышкан жок.