Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда 4 беттеште каптал калысынын милдетин аркалаган кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров 15-июлдан 16-июлга караган түнү Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Б.Кочкаров Бишкектеги “Манас” аэропортуна саат 02:30да келип түшкөн. Аны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.
Кошумчалай кетсек, Бахадыр Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында 4 беттеште калыстык милдетти аркалаган. “ЮАР-2010го” да барган жердешибиз Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында 9 беттешти тейлеген калыс катары Равшан Ирматов менен биргеликте жаңы рекорд койгон.