Калыс Бахадыр Кочкаров: "Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу тууралуу китеп жазам"

Футбол боюнча Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун 4 оюнунда калыстык милдетти аркалаган кыргызстандык Бахадыр Кочкаров алгач Бишкекке келип түшүп, анан Ошко жөнөгөн. Аны Ош аэропортунан Ош шаардык жана облустук дене тарбия жана спорт комитети, жакын санаалаштары күтүп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Анда маалым болгондой, КРнын Түштүк аймактык олимпиадалык спорт мектебинин жетекчилиги тарабынан калпак жана чепкен кийгизилди. "Дүйнө чемпиондугу башталгандан кийин 12 күн нормативдик тест тапшырдык. Оюндар 13-июнда башталды. Мен эми бул Дүйнө чемпиондугу тууралуу китеп жазам. Анда көп маалыматты камтымакчымын”,- деп билдирген Б.Кочкаров.
Андан тышкары ал кыргызстандыктардын Дүйнө чемпиондугуна катышуусу үчүн (калыстар жана футболчулар) өсүп келе жаткан жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керек экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kamarik
2014-07-16 13:11:20
Кино чыгаргыла
0
ayakosya
2014-07-16 14:14:19
Бразилия Кыргызстанды уят кылбайын дегенби жакшы бир калысыбызды катыштырып коюптур.
-2
rukopaWnik
2014-07-16 14:21:39
ayakosya,
ушунча чоң Россиядан бир калыс жок за то бизде бар ,мен сүйүндүм Баходыр Кочкаров KGZ деп чыкканда .
+3
nurkasym-2014
2014-07-16 16:07:43
ayakosya, Калыстарды Базилия эмес FIFA тарабынан тандалып алынат.
0
depu
2014-07-16 16:01:22
Озунун патриотчулугун кокурок какпай эле,митингте кыйкырбастан,мен андай мындай дебей эле Б.Кочкаров спорт м-н озунун мекенге болгон суйуусун коргозуп журот улутка болунбостон. Биз ушундай адамдарды сыйлашыбыз керек,каяктагы элдин акчасын жегендерге караганда.
+2
shiroker
2014-07-16 23:55:30
Андан тышкары ал кыргызстандыктардын Дүйнө чемпиондугуна катышуусу үчүн (калыстар жана футболчулар) өсүп келе жаткан жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керек экенин кошумчалады.menda oshol oidomun,ii kele4ekte jakshy oinogon futbolister bizde bolso jaman emes.....
0
ulanamirbekov
2014-07-17 01:59:15
буйруса кыргызстан дагы чыгат дүйнөлүк чемпионатка
0
aikol87
2014-07-17 13:02:24
Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров дегенде эле суйунгом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан