Айсулуу Тыныбекова Азербайжанда өтө турган “Алтын Гран-При” мелдешине катышат

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 25-27-июль аралыгында Азербайжандын Баку шаарында өтө турган "Гран-При" мелдешине катышат (58 килограмм салмакта). Бул тууралуу SUPER.KG порталына спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, учурда бул мелдешке даярдык кызуу жүрүп жатат. “Мелдеш уландар арасындагы эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча өтөт. Кыз-келиндер курамасынан Айсулуу Тыныбекова гана барат. Бул финалдык "Гран-При" мелдеши болгондуктан, “Алтын Гран-При” деп коюшат. Ага акыркы 3 "Гран-При" мелдешинде байгелүү орундарга илинген балбандар рейтингине карап чакырылат. Тандалган катышуучулардын саны болжол менен 12ни түзөт”,- дейт Н.Изабеков.

Кошумчалай кетсек, уландар арасында бул мелдешке Самат Надырбек уулу (57 килограмм салмакта) менен Улукман Маматов (65 килограмм салмакта) катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagynbek89
2014-07-18 02:15:04
Iygilik kaalaim, jeniw menen kel!
0
admin_portal
2014-07-18 10:14:53
Omela - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт.
0
ayakosya
2014-08-14 02:48:28
"эркек"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан