Бахадыр Кочкаров, калыс: “Футболдук беттештин жүрүшүндө мен кимдин жылдыз, кимдин миллионер экенине көңүл бурбайм”

“Мен футбол учурунда кайсы оюнчу жылдыз, кайсынысы миллионер экенине көңүл бурбайм”,- деди бүгүн, 17-июлда маалымат жыйынында ФИФАнын калысы, Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда 4 оюнда калыстык кылган кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров.

Анын айтымында, калыстар үчүн футболдук беттеш концерт эмес. “Мен оюнчулардан эч качан футболкасын сураган эмесмин. Балам телефон чалып суранган, "Роббендин кол тамгасын алып келчи" деп. "Ал өзү менден алсын" деп жооп бергем”,- деди Кочкаров.

Бүгүн, 17-июлда өткөн маалымат жыйында орун алган суроолорду жана Б.Кочкаровдун жоопторун төмөндөн карап алсаңыз болот... 

- Голландия менен Коста-Риканын оюнунда голландиялык Арьен Роббен менен жылуу сүйлөшүп, күлдүрүп жаттыңыз... Эмне айтып бердиңиз?

- Беттеш учурунда калыстар оюнчулар менен сүйлөшүшү керек. Алар үчүн психолог болушу зарыл. Бурчтан тебүү болуп калды. Ал учурда Коста-Рика командасы оюнчусун алмаштырып жаткан. Роббен мага “бул алмаштыруу жардам бербейт, баары бир биз жеңебиз” деди. Мен ага “Жардам береби, бербейби, сен токтой тур. Убакыттан пайдаланып суу иче тур” деп жооп бердим. Ошентип жакшы маанайда сүйлөшүп кеттик.

- Кийинки Дүйнө чемпиондугуна барышыңыз мүмкүнбү?  

- Жок. Анткени ФИФА тарабынан калыстардын жаш өзгөчөлүктөрүнө көзөмөл жүргүзүлөт. Кийинки жылы Австралияда өтүүчү Азия биринчилигинен соң карьерамды аяктайм. 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда дал ушул жашка карата чектөөдөн улам катыша албайм. Мен азыр 44 жаштамын. Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын регламентине ылайык, калыстар үчүн 45 жаш - чек. Бирок мен калыстык карьерамды бүтүргөнүмдөн кийин футбол тармагында эмгегимди улантам. Жаңы муундарга өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүүгө ниеттенүүдөмүн.

- Сиз аткарып жаткан иштин түйшүгү тууралуу айтып берсеңиз...

- Реферинин бир оюндагы эмгеги премьер-министрдин бир күндүк ишине барабар. Мен учурда 44 жаштамын. Бир оюнда менин кан пульсум мүнөтүнө 190-195 соккуга чейин жетет. Мен адис калыс болгондуктан, күнүнө 24 саат иштейм. Футбол калысы гитаранын кылында басып жүргөндөй. Эгер оюнда бир ката кетирсе, ал кулап кетет. Мен жаштарга ушул жагынан мисал болгум келет. Компьютердик оюндарга тыюу салмакмын. Адам ийгиликтүү болгусу келсе, ал ар дайым иштеши зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rukopaWnik
2014-07-17 11:08:56
ийгилик
+1
nurkasym-2014
2014-07-17 13:00:41
Азамат жок дегенде Кыргызстандан калысыбыз катышып атат.
+1
depu
2014-07-17 16:00:04
Ушундай адамдарды патриот деп айтат,жонокой мактанбайт мен Кыргызстан учун андай мындай кылдым дебейт. Сиздей адамдар кобойсун. Жер жерге,улут улутка,тууганчылыка болунбостон мекен учун жумушун так аткарат. Мага мамлекет уй,машина,акча берсин дебейт.
+2
Lintel
2014-07-17 16:54:16
ФИФАнын калыстыгына Кыргызстандан да чыгарганга Кочкаров шартарын уйротсо жакшы болмок. Азамат иштерине ийгилик. Жаш калыстарды уйротсо жакшы болмок.
+1
betman
2014-07-17 23:44:16
Ийгилик, артыныздан кучтуу шакирттерди остуруп чыгарасыз деген умуттобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан